Радио

Имакова: УТРКнын "Котормо" студиясы жылына 60тан ашык мультфильмди кыргызчалайт

УТРКнын "Котормо" студиясынын редактор-менеджери Жазгүл Имакова которула турчу чет элдик тасмалардын көбү келишимдик негизде бекитилерин айтты.
Sputnik
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Котормо" студиясы жылына 60тан ашык анимациялык тасманы кыргызчага которуп, үнүн коштойт. Бул тууралуу Жазгүл Имакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, анимациялык фильмдер которууда мазмунуна жараша көөнө сөздөрдү колдонуп, балдарга түшүнүктүү болушуна көңүл бурулат.
"УТРКнын "Котормо" студиясы жылына 60тан ашык анимациялык фильмдерди кыргызчага которуп, үнүн коштойт. Мындан тышкары, телесериалдар, толук метраждуу кинолор да бар. Бизде которула турчу чет элдик тасмалардын көбү келишимдик негизде бекитилет. Жетекчилик макулдашуу аркылуу аны бизге берет, которуп бүткөн соң, дубляж кыла турчу актёрлор тандалат. Анимациялык фильмдер которууда мазмунуна жараша көөнө сөздөрдү колдонуп, балдарга түшүнүктүү болушуна көңүл бурулат. Технологиянын өнүгүп жаткан учурунда жаңы сөздөргө, түшүнүктөргө да маани берилет", — деди Имакова.
Ошондой эле адис фильмдерди кыргызчалоодо материалдык-техникалык база мурдагы эски система менен жасалып келе жатканын кошумчалады.