42 млн. сом кымырган деп Жалал-Абад санаторийинин мурдагы жетекчиси кармалды

Кармалган жаран учурда "Кыргыз курорт туризмдин" башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин мурдагы директору А.М.Д. коррупция фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал учурда Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу "Кыргыз курорт туризм" башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан.
Шектүү 2012-2021-жылдары Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп турган учурунда мекемеден мыйзамсыз түрдө акча чыгаруу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталган. Натыйжада А.М.Д. санаторийге 42 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылды.
Учурда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Кызматкерлердин айлыгын ыйгарып алууга шектелип "Кадастрдын" жетекчиси кармалды