БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору 1-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.
Оңдоо иштеринин 1-ноябрга чейин уланышы күтүлүүдө. Аталган аба майдандары буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
"Манас" аэропорту келтирилген ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.