Кечээ үч облуста жер титиреди

Жалал-Абад облусунда жер силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында өлкөнүн үч облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июль күнү, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер силкингенде жабыркагандар катталган эмес.
Ал эми саат 15:52де Жалал-Абад облусундагы жер титирөөнүн очогунда күчү 4,5 баллга жеткен. Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошондой эле кечки 20:54тө Нарын облусунда дагы жер титиреп очогунда 3 балл болгону катталган. Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Радио
Абайлагыла, ушул тапта күн катуу ысыгандыктан өрт кооптуулугу жогору. ӨКМ эскертти