Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков Россиянын жоготуулары тууралуу АКШнын маалыматтарын фейк деп атады

Буга чейин РФ Куралдуу күчтөрү 70-75 миң аскеринен айрылды деген маалымат жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РФ армиясынын Украинадагы жоготуулары тууралуу америкалык ЖМКдагы маалыматты фейк деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин The New York Times гезити атайын операция учурунда РФ Куралдуу күчтөрү 70-75 миң аскеринен айрылды деген маалымат жарыялаган.
"Бул Америка администрациясынын билдирүүсү эмес, гезиттеги макала. Азыркы учурда жадагалса эң олуттуу гезиттер дагы жалаң фейк маалыматтарды таратуудан жийиркенбейт. Тилекке каршы, мындай практика тез-тез кайталанууда. Бул маселеге дагы ошондой карап коюшубуз керек", — деди Песков.
Франциялык ЖМК: Европанын санкциялык мүмкүнчүлүктөрү түгөндү