Пластикалык хирург ботокстун зыян жактарын санап берди

Адистин айтымында, препаратты алгачкы үч ирет сайдырганда эч нерсе болбошу ыктымал, бирок бешинчи жолкусунда аллергиялык реакция жаралат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ботокс сайдыруу анафилактикалык шок кылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" пластикалык хирург Ольга Ованесовага таянып жазды.
Анын айтымында, ботулотоксин затын колдонуу аллергиялык реакцияны чакырат.
"Алгачкы үч жолу сайдырганда эч нерсе болбошу ыктымал, бирок бешинчи жолкусунда реакция жаралат. Албетте, бул адам өмүрүнө кооптуу", — деген пластикалык хирург.
Ал ботоксту айрым гана учурда, ошондо дагы аз дозада колдонууга кеңеш берди. Антпесе кардардын териси препаратка көнүп, дозасын көбөйтүүгө туура келет.
Дарыгер сырткы келбетин ботокс менен өзгөртүүнү каалагандар адистер менен жакшылап кеңешиши керектигин, алардын анафилактикалык шоктон чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар-жогун такташы зарылдыгын кошумчалаган.
Косметологиянын жардамы менен жашарса болобу? Адис катачылыктар тууралуу