Балдар жана баңгизат темасындагы орчундуу маселени талкуулоо менен абалды жакындан билүү максатында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармацевтикалык инспекция башкармалыгынын жетекчиси Мунарбек Матмырзаевди Sputnik Кыргызстан агенттигине мейманга чакырдык.
Биз балдар арасында модага айланган "дарыкана наркоманиясы", көз карандылыктын жайылышынын негизги себептери жана алдын алуу иш-чаралары тууралуу кеп кылдык.
— Азыр өспүрүмдөр кандай баңгизаттарды колдонуп жатат?
Айдар Шигаев: — Баңгизаттардын түрлөрү бар. Кыргызстанда өстүрүлгөн гашиш, марихуана жана акыркы 2-3 жылда психотроптук дары-дармектерди колдонуу балдар арасында кеңири жайылды. Азыркы учурда психотроптук дарылардын көбү медицинада пайдаланылып келет. Мына ушуларды колдонуу менен өспүрүмдөр тескери жолго барууда. Өкмөт менен биргеликте бекиген №543 токтомдо баңгизаттардын түрлөрү так көрсөтүлгөн. Ал тизмеге кирген психоактивдүү заттар гана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнөт.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев
— Статистика барбы?
А.Ш.: — Эгер статистикага карай турган болсок, Кыргызстанда негизинен 2022-жылдын 1-январына карата баңгизат колдонгон 8226 учур катталган. Бул расмий гана айтылган сан. Ал эми аймактык жактан алсак, баңги колдонуучулар Бишкек жана Ош шаарында көп. Буларга салыштырмалуу башка аймакта аз. Баңгиге көз карандылардын арасында өспүрүмдөр да кездешет. Алардын негизги өзгөчөлүгү — психикасы калыптана элек, көп учурда бардык нерсеге кызыкчылык үчүн барышат. Тыюу салынган заттарды колдонуп, татып көрүүгө аябай умтулушат. Алгач оюн сыяктуу көрүшөт. Ошондуктан бат көнүп кетет. Ушул жагы көйгөй жаратат.
— Балдар арасында баңгизат колдонуунун саны өсүп жатканына түрткү берген негизги факторлорду атасаңыз?
— Биринчиден, кызыгуу, экинчиден, турмуш-шарты да таасир этет. Анан да көп нерсе балдардын чөйрөсүнө байланыштуу. Ошондой эле алардын ата-эне менен пикир келишпестиги да себеп болгон учурлар кездешет. Ар бир балага жекече мамиле жасоо менен дарылоо керек. Ошондой эле жаштарга дары саткан фармацевттерди жоопко тартуу менен көйгөйдү чече алабыз. Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында фармацевтикалык компаниялардын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Биздин кызматкерлер дары-дармектерди рецептсиз саткандыгы үчүн абийирсиз фармацевттерди жоопко тартууга аргасыз болорун айтышты. Саламаттыкты сактоо министрлигине күчтүү таасир берүүчү заттарды жүгүртүүдө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин даярдоо зарылдыгын белгиледик.
— Психотроптук заттар тууралуу балдар кайдан билет жана кантип сатып алышууда?
А.Ш.: — 2014-2015-жылдан баштап Кыргызстанда мындай заттарды мыйзамсыз сатуу иштери башталган. Интернетте синтетикалык баңгизаттардын түрлөрүнө атайын жарнамалар жүргүзүлүп, социалдык баракчалар ачык эле иштеп баштаган. Андан улам facebook баракчасынын ээси Meta компаниясына кат жазып фактыларды келтиргенбиз. Ошондон кийин алар да иштөө функцияларын бир аз өзгөрттү. Бизде маалымат алуу кеңири болгондуктан анын терс жактары да тийип жатат. Азыр психотроптук заттар же дарылар боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүгү кеңири.
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Абылгазиев
— Психотроптук дарыларды дарыгердин рецепти менен сырттан алып келериңерди айттыңар эле. Анда кандайча жаш балдар рецепти жок эле мындай дары-дармекти сатып алышууда?
Азизбек Абылгазиев: — Азыр алты компания Кыргызстанды дары-дармек менен камсыздаса, өлкө аймагында 297 дарыкана психотроптук заттар кошулган дарыларды сатат. Негизи Дары-дармекти мыйзамдуу жүгүртүү департаменти үч этапта иш алып барат. Биринчиси — мамлекеттин үлүшүн аныктап, аны БУУнун алдындагы эл аралык комитеттен бекитип дары-дармек алуу. Экинчиси — ошол бекитилген үлүштүн каякка кетип жатканын байкап, эл аралык баңгизатты көзөмөлдөө комитетине отчёт берип турабыз. Ал эми, үчүнчүдөн, бардык психотроптук заттар эч кандай рецепти жок эле барып ала берүүчү препарат эмес. Алардын баары көзөмөлдө турат жана сатууга атайын лицензиясы бар субъектилерден маалымат алып турабыз. Сатуу жана Кыргызстандан башка мамлекетке алып өтүү лицензиянын негизинде гана ишке ашырылат. Мындай дарылар рецептсиз сатылбашы керек.
— Балдар арасында психотроптук заттарды сатып алуу фактысы сиздер тарабынан аныкталганбы?
Мунарбек Матмырзаев: — Бул боюнча бизге арыз түшө элек, бирок дарыканаларга мындай дарыларды өспүрүмдөргө рецепти жок сатпоо тууралуу маалыматтарды таратып, айтып-деп жатабыз. Жергиликтүү бийлик да бул маселеде ички иштер кызматкерлери менен биргеликте иштешиши керек. Эгер психотроптук дары-дармектер рецептсиз сатылгандыгы боюнча арыз түшсө чара колдонобуз. Азырынча эки учур катталып, текшерилип, айып пул салынды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармацевтикалык инспекция башкармалыгынын жетекчиси Мунарбек Матмырзаев
А.Ш.: — Наркологиялык борбордун дарыгерлери психотроптук заттарды дарыканадан алып колдонгон балдардын ата-энелери кайрылгандыгын айтып жатышат. Демек, бул көйгөй бар. Санариптештирүү жаатында бир катар иштерди жасашыбыз керек. Саламаттыкты сактоо министрлигине да сунушум, бардык рецепттерди электрондук форматка өткөрсөк аны жасалмалоо жолу абдан кыйынга турмак. Бул дагы дарыкана баңгилигин чечүүнүн бир жолу. Кээде баса албаган же ооруп төшөктө жаткан адамдар, карыялар акчасын берип дарыга башка бирөөнү жиберип койгон учурлар болот. Муну түшүнүүгө болгону менен ушундай шылтоолорду айтып алдаган өспүрүмдөр да кездешет.
— Бул дарылардын организмге тийгизген таасири кандай?
А.Ш.: — Өспүрүмдөр интернеттен дарыларды эмне менен аралаштыруу керектигин билип алып, анан ошондой жат көрүнүшкө барып жатышат. Дарыгерлердин айтымында, ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Демек, таасири да ар кандай болот. Таасири абдан күчтүүлөрү бар. Табигый баңгизаттарга көнүү бир кыйла убакытты талап кылса, синтетикалык заттарга адам бат эле көз каранды болуп кетет. Анан да синтетикалык баңгизатты колдонгон учурда адам реалдуулуктан өтө алыстап калат. Мисалы, бирөө кичинекей эле тепкичтен секирип жатам деп ойлоп 10-кабаттан секирип каза болгон. Ошондуктан ар кимге ар кандай таасир берет жана жыйынтыгы да ошого жараша болот.
А.А.: — Ошол себептен морфинди же промедолду берүү үчүн атайын үлгүдөгү рецепт керек. Жасоо мүмкүн эмес. Анын бардыгы номерлөөдөн өткөн.
— Ата-энелер баласынын психотроптук заттарды колдонуп жатканын кантип аныктай алат? Мындай көйгөйдөн өспүрүмдү толук сууруп чыгууга болобу?
А.Ш.: — Психоактивдүү заттар адамдын организмине сөзсүз таасир тийгизет. Булар адамдын жүрүм-турумун өзгөртүп, ар кандай психикалык таасир тийгизиши мүмкүн. Сырткы келбетинен алганда көзү кызарып, теңселип басып жана мүнөзү ачык балдар үңкүйүп түнт тартып, тескерисинче, түнт балдар ачылып, жайдары болуп калат. Ушундай көрүнүштөр байкалса дарыгерлерге, тийиштүү кызматтарга кайрылуу керек. Ата-эне өз алдынча дарылай албайт. Адистер тажрыйбасына жараша ар кандай факторлорду эске алып дарылашат.
— Буга чейин спайс өңдүү синтетикалык баңгизаты көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддеринде да жарнамаланып баштаган. Бул фактылар менен кандайча күрөштүңүздөр?
А.Ш.: — Мындай жарнамалар 2014-жылдары подъезддерде, имараттардын боорлорунда жаңыдан пайда боло баштаган. Буга чоңдор көңүл бурушчу эмес. Ал эми жаштар көрсөтүлгөн дарек аркылуу Facebook баракчаларына, телеграмм-каналдарга кирип, кайсы электрондук капчыкка акча төлөө керектигин таап сатып алууга ашыгышчу. Ушундай мыйзамсыз операциялар жүргүзүлгөн. 2014-2018-жылдар аралыгында укук коргоо органдары да иштеп, аны менен күрөшүүгө тажрыйба топтодук. Бул көрүнүш Кыргызстанда эле эмес, коңшуларда да баңгизат кылмыштарынын жаңы түрү катары катталган. 2016-жылдан 2019-жылга чейин ИИМ жаңы пайда болгон синтетикалык жана психоактивдүү заттар менен күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыккан жана азыр бул заттардын интернетте жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берген механизм бар.
— Казинонун иштешине уруксат берилди. Ал жайларда баңгизаттын болору шексиз. Аны менен кандайча күрөшөсүздөр?
А.Ш.: — Бул жайлардагы көзөмөл жүргүзүү, албетте, күчөтүлөт. Түнкү эс алуу жайлары баңги кылмышынын көбөйүп кетишине өбөлгө түзөт деген божомолду биз да айтканбыз. Ошондуктан түнкү клубдар менен барларда биздин кызматкерлер бир нече ирет атайын массалык түрдө текшерүү иштерин өткөрүп, баңги сатуу фактыларын аныктап, түнкү клубдардын иштешине расмий түрдө тыюу салган учурлар болгон. Бул жаатта даярдыктар бар жана ушул тажрыйбанын аркасында казино көзөмөлүн күчөтүүнү колго алабыз.
— Аймактарда дары-дармек эмес, балдардын чөп-чар баңгизаттарын колдонуу коркунучу көп дешет...
А.Ш.: — Аймактарда да мындай көйгөйлөр бар. Анда табигый баңгизаттар басымдуулук кылат. Алардын зыяны өтө кооптуу эмес, бирок анын да жайылышына бөгөт коюу керек.