БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Украинанын аскерлери Херсон облусундагы Антонов көпүрөсүнө ракеталык сокку уруп, мындан улам көпүрө аркылуу өтчү жол жабылды.
Маалым болгондой, Украинанын Куралдуу күчтөрү ар кандай артиллериялык системадан 10дон ашык снаряд учуруп, ракеталык сокку жасашкан.
Видеодон көрүнүп тургандай, көпүрөнүн ар кайсы жери тешилип, андан өтүү мүмкүн болбой калган.
Херсон облусунун администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусовдун айтымында, көпүрөнүн аткыланышы аталган аймактагы элдин жашоосун ого бетер кыйындатты. Ага карабай азык-түлүк элге убагында жеткирилип турмакчы. Ал эми көпүрө оңдолуп, калыбына келтирилет.