Ошто таштанды чогултуу үчүн стационардык аянтчалар долбоору ишке кирди

Долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Ош — Тазалык" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

"Ош — Тазалык" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди

2 / 2

Ишкана жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, аталган пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок уюштурулат

Ишкана жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, аталган пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок уюштурулат. Ал жерде контейнер жана таштанды сорттогон диспетчер болот. Ал курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз ыргыткандарды көзөмөлдөйт.
Жалпысынан шаарда 10го жакын стационардык участок уюштуруу пландалып жатканы айтылды. Долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
"Тазалык" өз акчасына 100 таштанды челек сатып алды