Кытай Кыргызстанга жардам катары 50 млн. юанга аскердик техника берет

Учурда Коргоо министрлиги муктаждыкка жараша керектүү техникалардын тизмесин түзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга баасы 50 миллион юань турган аскердик техника берет. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Пекинге кышкы Олимпиаданын ачылышына барганда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан. Ошол учурда Кытай тарап өлкөгө аскердик техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.
"Кандай техника аларыбыз биздин өлкөдөн көз каранды. Куралдуу күчтөрдүн муктаждыгына жараша алына турган техникалардын тизмесин жиберебиз. Ал байланыш каражаттары, техникалык жабдуулар болушу мүмкүн. Азыр эки өлкөнүн Коргоо министрликтери сүйлөшүп жатат, алар алына турган техниканын тизмесин түзүп макулдашкандан кийин алып келинет. Сүйлөшүү азыр кайсы стадияда турганын айта албайм", — деди Кулубаев.
Россия КРге 10 млн. доллар грант берет, 8 млн. долларга өрт өчүргөн техника жөнөтөт