Радио

Аширова: кыргызчага которулуп жаткан мультфильмдердин тарбиялык мааниси жок

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Котормо" студиясынын режиссёру Айнаш Аширова кыргызчага которулуп жаткан көпчүлүк мультфильмдердин тарбиялык мааниси жок экенин айтты.
Sputnik
Анимациялык тасмалардагы каармандар коркунучтуу келип, балдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Айнаш Аширова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өспүрүмдөрдү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүдө, мекенди сүйүүгө, ата-энени урматтоого үндөгөн мультфильмдер кыргыз тилине которулса келечек муундун тарбиясына оң таасир берет эле.
"Мен 3000ден ашык мультфильмдин кыргызчага которулуп, үн коштоосуна катыштым. Жомок, мультфильм балдардын тилин жатыктырууда, тарбия берүүдө, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда чоң роль ойнойт. Мурда мааниси терең анимациялык тасмалар кыргызчаланып, бөбөктөргө көрсөтүлчү. Учурда башка элдин даяр материалдарын которуп, үн коштоп жатабыз. Албетте, арасында жакшылары бар, бирок тарбиялык мааниси жок мультфильмдер тартууланып жатканы өкүндүрөт. УТРКнын жетекчилиги ушул маселеге көңүл буруп, өспүрүмдөрдү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө, мекенди сүйүүгө, ата-энени урматтоого үндөгөн мультфильмдер кыргыз тилине которулса келечек муундун тарбиясына оң таасир берет эле",— деди Аширова.
Ошондой эле режиссёр Советтер Союзунун тарашы менен үн коштоо, которууга катышкан мыкты адистер чет өлкөгө кетип, кадр маселеси курч бойдон калып жатканын кошумчалады.