Быйыл көмүр, электр тогу тартыш болбойт. Энергетика министринин убадасы видеодо

Энергетика министри быйыл Кыргызстанда электр энергиясы жана көмүр жаатында көйгөй жаралбай турганына ишендирди. Ал дал ушундай маселелерди чечүү үчүн иштеп жатканын белгиледи.
Sputnik
Sputnik Кыргызстандын журналисти министрден "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси уламдан улам алмашып жатканын айтып, мунун кесепети былтыркыдай көмүр тартыштыгын кептебейби?" деп сурады.
Бекмурзаев анын себебин айтуудан баш тартып, элди кыштан аман-эсен алып чыгуу үчүн адаттан тыш кадамдарга барып жатканын билдирди. Ал эми былтыр көмүр тартыш эмес, жасалма түрдө түзүлгөн ажиотаж болгон деп эсептейт.
"Быйыл дагы ажиотаж болбошу үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, ушундай кадамдарга барып жатабыз", — деди министр.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 1,3 миллиард кубга көп экенин белгиледи. Ошол эле учурда былтыр электр энергиясын пайдаланууга чектөөлөр киргизилгенин моюндаган жок.
"Кыска мөөнөткө авариялык өчүрүүлөр болуп калышы мүмкүн. Бирок пландалган өчүрүүлөр былтыр болгон жок. Быйыл суубуз, кудайга шүгүр, бар, өчүрүү болбойт деп эсептейм", — деди Бекмурзаев.
Аны менен катар энергетика тармагындагы техникалар жана жабдуулардын 70 пайызы эскиргенин кошумчалады.
Тема боюнча:
Бекмурзаев: кийинки жылы электр энергиясын кымбаттатыш керек деп эсептейм