БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Россиянын беш телеканалына көрсөтүүнү улантууга уруксат берди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине лицензиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бектур Ибрагимов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын декабрь айынын аягында беш телеканал 50 пайыз контентин мамлекеттик тилде көрсөтүү талабын бузгандыктан ишине тыюу салынган. Телеканалдар бул көйгөйдү жоюп, ушул жылдын январь айынан тарта эфирге чыга баштаган.
"Алар иштешет, тил саясатында эч кандай маселе жок", — деди Ибрагимов.
Буга чейин Маданият министрлиги жергиликтүү телеканалдарды лицензиялык көзөмөлгө алганын билдирген. Кеп 8-канал, РТВ Media, "НТВ Кейджи", ЭМТВ жана "Домашний" телеканалдары тууралуу болуп жатат. Алардын аналогдук берүүсүнө жана/же санариптик пакетке жайгаштырууга уруксаты убактылуу токтотулган.