Эрдоган Батыш саясатчыларынын Путинге жасаган мамилесин сынга алды

Түркия лидери Батыштын саясатчылары Россияга кандай мамиле жасаса ошого жараша жооп алат деген пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Батыш саясатчыларынын Россия лидери Владимир Путинге жасаган мындай мамилеси аларга аброй алып келбейт. Бул туурасында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган TRT каналына билдирген.
"Путинге Батыш саясатчыларынын жасаган мамилесин билесиңер. Бул саясаттын алкагына сыйбайт. Кандай мамиле кылсаңар, ошондой жооп аласыңар", — деген Эрдоган.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды Россия жана Иран лидерлери Владимир Путин, Ибрахим Раиси менен сүрөткө түшкөнү үчүн күнөөлөп, чычалаган пикирин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сирия, Украина, экономика... Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы кандай болду