"Манасты" аздектеп, кыргыз маданиятын сүйчү. Шаповалов тууралуу эскерүүлөр

КРдин эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Кесиптештери аны эскерип жатып "Кыргызстанды чет жакка таанытууга зор салымын кошкон мыктылардын" катарына кошту. Бул - чындык. Ал өзүнүн өлкөсү үчүн көптү жасап кетти.
Sputnik
Шаповалов маданияттын эмгек сиңирген кызматкери, КРдин мамлекеттик жана Россия сыйлыгынын лауреаты, профессор, филология илимдеринин кандидаты болчу. Түрк тилдүү жазуучулардын чыгармаларын которгон, өзү ырларынын жана чыгармаларынын 12 жыйнагынын автору эле. Өмүрүнүн соңку жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинде иштеп келген.
Кесиптештери, достору, маданияттын, билим берүүнүн ишмерлери Вячеслав Иванович алардын эсинде кандай элес менен калганын айтып беришти.

Владимир Нифадьев, КРСУнун ректору

Республика үчүн чоң жоготуу болду. Ал билим берүү, тагыраагы, Кыргыз улуттук университети үчүн көп эмгек жасаган. Вячеслав Иванович — ак пейил, жогорку деңгээлдеги сыйлык, наамдарын маңдай тери менен алган адам болчу. Гуманитардык тармактагы адистер менен лингвисттер анын ысымын унутпайт. Себеби өлкөдөгү гуманитардык билим берүүнүн көп этаптары ал адам менен байланышкан.

Светлана Суслова, КРдин эл акыны

Москвада чогуу окусак дечүбүз, көп китептерди бирге басып чыгардык... Эстей турган канча учурлар бар! Болуп көрбөгөндөй эмгекчил адам эле ("эле" деп айтуу мен үчүн оор болуп турат). Бир ирет реанимацияга түшүп калып, аны көрөм деп көшөрүп жатып кирдим. Ошол жактан студенттеринин биринин дипломдук ишин окуп жатканын көрдүм!
Студенттери аны абдан жашы көрүшчү, азыр да терең урматташат. Кайсы ишти баштаса аягына чыкмайын жаны тынчу эмес.
Азыр китептерин барактап отуруп, поэзиясынын күчүнө баа берип жатам. Быйыл 75 жылдыгын белгилейбиз деп камынганбыз, эми... Дагы деле ишенбей турам.

Канат Садыков, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору

Вячеслав Иванович башка окутуучулардан жеңилдиги, ачыктыгы менен айырмаланып турчу: сабакты татаалдатпай өтүп, бир караганда бизге кыйындай деле сезилчү эмес. Ал мыкты окутуучу болгон деп айта алам, ишке баш-оту менен кирип кетчү.
Университетти бүткөндөн кийин анын кеңеши менен окутуучу болуп калдым. Кечээ эле студент болуп, бүгүн улуулардын катарында туруп сабак берип калган мен үчүн Вячеслав Иванович менен бирге иштеген жакшы болчу. Ал ыңгайсыз учурларды дайыма жылмалап койчу.
Менин окутуучу катары калыптанышымда ал зор роль ойноду. Бул кишиден эч нерсемди жашырчу эмесмин.
Ал адам кыргыз тилин ой-чуңкуруна чейин жан дүйнөсү менен сезе билген адам болчу! Ал өзүнчө кеп. 100 эмес, 120 пайыз түшүнчү. Тилдин ар бир майда нерсесине чейин илгиртпей баамдап турчу. "Манастан" тарта азыркы акындарга чейин эң сонун түшүнчү.
Улуу болсо да, достошуп калган адамды жоготкон өтө оор экен.

Диана Светличная, жазуучу

Шаповалов — энергия, жашоону сүйүү, умтуулуу эле. Бир сөз да ал үчүн зор мааниге ээ болчу. Вячеслав Иванович менен 1990-жылдардын ортосунда таанышып калдым, мен 16 жашта болчумун. Сынакка ырларымды жиберип, алардын көзүнө түшүптүрмүн. Жеңүүчүлөрдү Орус драма театрында сыйлашты. Залдан мага орто бойлуу киши келди, кийингени, жүрүм-туруму башка, көздөрү күлүп турат экен. Аты-жөнүн айткан жок, бирок куттуктап, менин материалдарым менен иштөөгө боло турганын билдирди. "Иштесе болот" деген сөзгө тырчып калдым. Дароо эле экинчи орун жеңиш эмес экенин "балп" эттирдим. Ал күлүп тим болду. Бул адам, көрсө, Вячеслав Иванович Шаповалов экен.
Андан кийин биз ар кыл иш-чараларда көп эле жолуктук, өтө деле олуттуу эмес маселе боюнча сүйлөшүп калчубуз. Биздин диалог ар дайым сөз менен айтышка айланып кетчү. Тамашасы катуу эле, бирок чектен чыкчу эмес. Чынчылдыкты, сулуулукту баалай турган. Башкалардан жылуу кебин, мактоо сөзүн аячу эмес.

Леонид Сумароков, КРСУнун проректору

Вячеслав Иванович ар тараптуу адам эле, компаративистика жаатында мыкты болчу, көркөм адабияттын котормо тарыхы, теориясы, ыр жазуу боюнча сабактарды сонун өтчү. Бир нече монографиянын, үч жүздөн ашуун илимий макалалардын автору, күчтүү котормочу жана талантуу акын эле. Ал дүйнөнүн бир топ элдеринин чыгармаларын которду. Өзгөчө орунда "Манас" эпосу, байыркы түрк элдеринин поэзиясы, кыргыз акындарынын лирикасы, кыргыздын классик жазуучуларынын китептери турчу...
Кыргызстанды өзгөчө жакшы көрчү. Тилди жакшы өздөштүрүп, анысы менен орус адабиятына Кыргызстандын образын алып кирди. Вячеслав Иванович менен сүйлөшкөн өзүнчө бир сонун болчу. Өзгөчө, шайыр, жашоону сүйгөн адам эле. Жашагысы келчү. Биз бир аз мурда эле сүйлөшкөнбүз, 75 жылдык юбилейине даярданып жаткан, китебин чыгармак. Эми аны балдары аягына чыгарса керек.

Владимир Лидский, прозаик жазуучу

Вячеслав Шаповалов орус тилдүү айдыңдагы, апыртпай эле айтканда, ири акын болчу. Доорлордун трагедиялык добушун тыңшай билип, аны кагазга чеберчилик менен түшүрө алган.
Мындан эки-үч жыл мурда мага кайрылып мындай деди: "Эмне эле "сиз" дей бересиң, "сен" эле дебейсиңби!". Менин сен дегенге оозум барчу эмес, ал деген классик, бийик чоку болчу да. Акыры сенге өткөм. "Ии, ушинтесең" деди эле күлүп.
Вячеслав Иванович мени бул кесипте өзгөчө колдоого алды, биринчи романыма өзүнүн жогорку баасын берип, өзүмө болгон ишенимди бекемдеди, чыгармачылыгымда канат байлатты. Улуу досума жана сүйүктүү акыныма терең ыраазымын.

Мамед Тагаев, КРСУнун алдындагы Орус тили институтунун директору

Вячеслав Иванович бул дүйнөдөн көчтү. Кыргыздар мындайда "тоо кулады" дейт. Эмнегедир үлкөн Чыңгыз Айтматовдун атактуу Александр Твардовскийдин көз жумганы тууралуу айтканы эсиме келди. "Үзөңгүдөн бут тайып, аргымак чабандеси жок кетти" дегени бар. Вячеслав Иванович дүйнөсү кең, эрки болоттой адам эле. Ал кыргыз элин, маданиятын өзгөчө жакшы көрчү. Мунун баарын китептеринде, ырларында, поэмаларында чагылдырган.
Аны менен ушундай жеңил, чын дилден маектешчү элек. Кристаллдай таза, ар бир нерсени түз айткан адам болчу. Анын кетиши менен көп нерсени жоготтук.

Константин Караханиди, адабий сынчы, адабиятчы, жазуучу

Владимир Иванович акын болгону менен жашоону реалдуу карап, болгон нерсеге терең баа бере алчу. Бардык нерсени так, ошону менен бирге эле акындык чечендик менен көркөмдөп айтчу. Аны менен отурган бир сонун болчу. Тамашасы түгөнчү эмес, анысын башкаларга да, өзүнө да тийиштүү кылып айта билчү эле.
Вячеслав Ивановичтин сюртукчан, сыйлыктарын көкүрөгүнө тагынган сүрөтүн жарыяладым, бирок жүзүндө олуттуулуктун, кекирейгендиктин изи жок, күлкү чайып турат.
Вячеслав Иванович — Кыргызстанда эле эмес, чет жактарда да бааланган чоң акын. Анын чыгармаларын белдүү делген Кыргызстандын жана чет жактардын басылмалары көп жарыялады.
Алыкул мени коштоп жүрөт — Шаповалов