Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон облусунда Украина мамлекет катары жоголгону айтылды

Белгилей кетсек, атайын операциянын жүрүшүндө Россиянын армиясы Херсон облусун көзөмөлгө алган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Херсон облусунун администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов Украина мамлекет катары жоголгонун айтып, ал жакта Батыштын акчалары талап-тонолуп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украина мамлекет катары жок болду. Объективдүү айтканда, ал жакта Батыш берген акчалар гана талап-тонолуп жатат", — деген Стремоусов.
Март айынын орто ченинде Россиянын армиясы Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Ал жакта жарандык-аскердик администрациялар түзүлүп, РФтин телеканалдары менен радиостанцияларынын уктуруулары берилүүдө. Крым менен соода байланыштар дагы калыбына келтирилип жатат. Эки аймак тең Россиянын курамына кирүү планын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын аскерлерин Запорожье облусуна туруктуу жайгаштыруу сунушталды