Какайган жоокерге суу сунган полициядан кырылган ташбакаларга чейин. Апта ирмеми

Францияда токойлорду өрт алды, япониялык киши ташбакалардын убалына калды. Ал эми Россияда эң татынакай кызды тандашты. Sputnik өткөн аптадагы маанилүү окуялардын сүрөт ирмемдерин тартуулайт.
Sputnik
1 / 14

Ысык жанга батканда. Полиция кызматкери Лондондогу Букингем сарайында кароолдо турган королдук жоокерге суу берип жатат

2 / 14

Жирондогу (Франция) жалбырттаган жалын. Токойдон чыккан өрт жети гектарга жакын жердегилердин баарын жалмап кетти. Он миңдеген адамдар кырсыктуу аймактан көчүрүлдү

3 / 14

Басра провинциясында (Ирак) тартылган сүрөт. Нефти чыккан жерден кетип бара жаткан буйвол

4 / 14

Суу коштогон номерлер. Лондондо фонтанда талантын көрсөтүп жаткан көчө артисттери. Дүйнөнүн көп жерлеринде күн ысып, бардык жандуу, табият аптапта калды

5 / 14

Мариуполь шаарында өрттөнүп кеткен электр поезди

6 / 14

Кумедзима (Япония) аралында өлүп калган 50гө чукул ташбаканы табышкан. Торго түшүп калган жаныбарларды балыкчынын кырып салганын айтышты

7 / 14

Пекинде заманбап аниме-көргөзмөгө даярдык

8 / 14

Түркия, Россия жана Иран президенти Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Ибрахим Раисинин сүрөтү. Үч лидер Сирия маселесин жөнгө салуу боюнча Астана процессине кепилдик берген мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда түшкөн

9 / 14

Айдоочу автоунаасынын төбөсүнө отуруп алган пеликанга суу чачып жатат. Кабулдун көчөсү (Афганистан)

10 / 14

"Ысык-Көл" аэропортунда кыздар Чолпон-Атага келген президенттерди гүл жана боорсок менен тосуп алышты. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары өткөн жумада Кыргызстанга консультативдик жолугушууга келишкен эле

11 / 14

Сууга чайынган балдар. Газанын (Палестина) көчөсүндө тартылган сүрөт

12 / 14

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Чолпон-Атадагы консультативдик жолугушуу учурунда. Анын жыйынтыгында президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Мындан тышкары, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

13 / 14

Дүйнөнү каптаган ысык. Катарлаша сүзүп бараткан өрдөктөр жана пляжда жаткан адам. АКШ, Калифорния

14 / 14

"Мисс Москва — 2022" сынагында финалга чыккан кыздар