Иран лидеринин кеңешчиси: Россия АКШга караганда акылдуу саясат жүргүзүүдө

Иран президентинин кеңешчиси Чыгыш "бутуна бекем туруп алганын" айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Россия дүйнөдө Батыш менен АКШга караганда акылдуу саясат жүргүзүп жатат. Мындай пикирин Иран лидери Ибрахим Раисинин кеңешчиси Али Акбар Велояти билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Москва менен Пекин өздөрүн Тегерандын союздашы катары көрсөтүп, Батыш өлкөлөрү менен тирешүүдө бир нече жолу Иран тарапта экенин билдиришкен.
"Чындыгында, Россия да, Кытай да биз менен достук жана боордоштук келишимине кол койгон эмес, алар башкалар сыяктуу эле өз кызыкчылыгынын негизинде иш алып барууда. Бирок алардын саясаты Батыш жүргүзгөн саясаттан акылдуураак экени байкалып эле турбайбы", — деди Велояти.
Кеңешчинин айтымында, Чыгыш "бутуна бекем туруп алды". Кеп Россия, Индия жана Кытай жөнүндө болуп жатат.
"Мындан тышкары, Азияда үч маанилүү күч борбору пайда болду. Алар — Иран, Россия жана Кытай. Бул мамлекеттер Батыш менен АКШ көздөгөн бир уюлдуу дүйнө идеологиясына каршы турушат", — деди Иран лидеринин кеңешчиси.
Буга чейин Россия лидери Владимир Путин Иран жана Түркия президенттери менен бирге Тегеранда өткөн Сирия боюнча үч тараптуу саммитке катышкан. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ирандык жана түркиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сирия, Украина, экономика... Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы кандай болду