Оюн "Аксу" командасы менен болгон. Белгилей кетсек, анын катарында азыр дагы бир кыргызстандык Кайрат Жыргалбек уулу ойноп жатат.
Алыкулов өзү пенальти алган. Оюнчу айып соккуну, болгондо дагы "паненка" ыкмасы менен, атаандаштын дарбазасына жумшак гана тээп киргизе алды. Кыргызстандык өз командасынын үчүнчү голун киргизип, беттеш 3:2 эсеби менен аяктады.
Белгилей кетсек, пенальтинин "паненка" ыкмасы оңой-олтоң нерсе эмес. Эгер дарбазачы ордунда калса, топту оңой эле кармап алат. Ал эми кайсы бир бурчка секирсе, топ сөзсүз кирип кетет.
Бул футбол техникасы чехословакиялык оюнчу Антонин Паненканын ысымынан аталган. Ал 1976-жылы Европа чемпионатынын финалында оюндан кийинки пенальтилер сериясында чечүүчү голду дал ушундай кылып киргизген. Германиянын курама командасына каршы бул сокку Чехословакияга континенттик биринчиликти жеңүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Тема боюнча: