Бишкектин борбордук бөлүгү 26-июлда түнгө чейин суусуз калат

Мэрия билдиргендей, 15 саат бою оңдоо иштери аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эртең, 26-июлда, саат 09:00дөн 00:00гө чейин суу өчөт. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасы билдирди.
Бул убакыт аралыгында "Көк-Жар" суу кампасында оңдоо иштери аткарылат.
Суу темир жол линиясы, Панфилов, Абдымомунов көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясы менен чектешкен аймактарда жок болот.
Бишкектеги Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат