Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британиялык журналист: Батыш ЖМКлары Россиянын ийгиликтерин жашырууда

Маалыматка караганда, Россиянын негизги ийгиликтери алда канча жупуну чагылдырылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Батыштын маалымат каражаттары Россиянын Украинадагы ири ийгиликтери тууралуу чындыкты атайылап жашырып жатат. Бул тууралуу Times гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Макаланын автору Род Лиддлдин айтымында, чет элдик басылмалар Украинанын Куралдуу күчтөрүнө каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн көбүртүп-жабыртып көрсөтүүгө аракет кылууда.
"Россиянын негизги ийгиликтери алда канча жупуну чагылдырылган. Тагыраагы, Россияда жетишкендиктер канчалык көп болсо, кыйроолор тууралуу ошончолук көп жазылууда. Болгондо дагы макалалардагы маалыматтар ойдон чыгарылганын көрүүгө болот", — деди Лиддл.
Автор мындай жол менен чындык бурмаланып жатканы абдан чоң көйгөй экенине токтолду.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Ошондон тарта Батыш өлкөлөрү Россияга каршы экономикалык жана маалыматтык согуш жарыялады деп айтууга болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: БУУнун башкы катчысы РФ эгининин экспортуна жол ачууга аракет кылат