Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: БУУнун башкы катчысы РФ эгининин экспортуна жол ачууга аракет кылат

Стамбулда Россия, Түркия, Украина жана БУУнун өкүлдөрү кол койгон документке ылайык, украиналык эгинди Кара деңиз аркылуу үч порттон чыгарууга жол ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия БУУ “азык-түлүк келишиминин” алкагында россиялык буудайдын экспортуна жолтоо болуп жаткан легитимсиз санкцияларды жое алат деп үмүт артат. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Эске салсак, Стамбулда Россия, Түркия, Украина жана БУУнун өкүлдөрү кол койгон документке ылайык, украиналык эгинди кара деңиз аркылуу Одесса, Черноморск жана Южный сыяктуу үч порттон чыгарууга жол ачылат.
Лавров Египеттин ТИМ башчысы Самех Шукри менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сөз сүйлөдү.
“Легитимсиз санкциялар россиялык эгиндин экспортуна жолтоо болуп келе жатат. Биздин кемелердин чет элдик портторго киришине тыюу салынган. Бирок БУУнун башкы катчысынын демилгеси менен Стамбулда кол коюлган макулдашуудан кийин ал (БУУнун башкы катчысы – ред.) ошол санкцияларды жойдурууга аракет жасай турганын билдирди. Анын колунан келет деп ишенип туралы”, – деди Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия Киев менен сүйлөшүү эшигин эч качан жаппайт