Кыргызстандын эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнө салды

Шаповалов түрк тилдүү жазуучулардын чыгармаларын которгон жана өзү 12 китеп жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Акын күзүндө 75 жашка толмок. Анын бүгүн каза болгону айтылды.
Шаповалов КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, профессор, филология илимдеринин доктору эле. Ал түрк тилдүү жазуучулардын чыгармаларын которгон, өзү ыр жана поэма камтылган 12 китеп жазган.
Акыркы жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинде эмгектенген.
Бетме-бет кагышкан. Жол кырсыгынан ИИМдин майору көз жумду. Видео