Кандай кишилер күн нурунан улам ракка кабылышы мүмкүн. Адистин эскертүүсү

Адистин айтымында, күн нурунан коргоочу кремдердин сапаттуусун пайдалануу ден соолук үчүн өтө маанилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өтө эле апакай терилер жана денедеги кал, меңдер ультрафиолет нурунун терс таасирине көбүрөөк кабылгандыктан, мындай адамдардын ачуу тийген күндүн алдында көпкө жүрүшү рак кооптуулугун жаратышы мүмкүн. Бул туурасында онколог дарыгер Андрей Пылев Ura.ru басылмасына айтып берген.
Биринчи иретте сары чачтуу адамдардын күндүн ачуу нурунан коргонуп жүрүшү керектиги эскертилген.
"Аларда күн нурларынын таасиринен улам онкологиялык ооруларга кабылуу ыктымалдыгы бар", — деген дарыгер.
Адис күн нурунан коргоочу кремдердин сапаттуусун пайдалануу абдан маанилүү экендигин эске салган.
Радио
Арапбаева: күнгө ашыкча күйүү меланоманын алгачкы белгилерин пайда кылат