25-июлга карата аба ырайы

25-июлга чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Мындан улам күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөш керек. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +35...+40, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Талас жергесинде +33...+38, Ысык-Көлдө +27...+32 жана Нарында +30...+35 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +38...+40, Ошто +39...+41 жана Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градуска жетет.
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы