Каркырада... Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жайлоодогу сүрөтү

Алардын жайлоодо жайбаракат маектешип отурган ирмемдерин жана квадроцикл минип жүргөн учурларын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда эс алышты. Сүрөттөрдү УКМКнын башчысы Ташиев өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
Кадрдан алардын жайлоодо, көк майсаңда жай маектешип отурган ирмемдерин жана андан сырткары квадроцикл минип жүргөн учурларын көрүүгө болот.
Бүгүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага болгон. Ага Садыр Жапаров баш болгон жетекчилер, коомчулук, жергиликтүү эл катышкан.
Жапаров менен Ташиевдин жаратылыштагы сүрөтү: бири сүйлөп, экинчиси берилип угуп...