Батышты сестенткен сүрөт жана чычалаган министр айым

Россия, Түркия жана Иран лидерлеринин Тегерандагы кадамы көптөр үчүн кооптуулуктун коңгуроосу катары кагылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды Россия жана Иран лидерлери Владимир Путин, Ибрахим Раиси менен сүрөткө түшкөнү үчүн күнөөлөп, чычалаган пикирин билдирген. Бул туурасында басылмасы жазды.
"Түркия президентинин бул сүрөтү, жумшак айтканда, НАТОго кылган каяшасы, салган чакырыгы болуптур", — деген министр айым.
Бербок аны менен катар эле немец бийлигин Украинага куралды берүүдө "ыкшоо" болуп жатканын сындаган.
Буга чейин ал Украинадагы чатакта Батыштын алсыз болуп жаткандыгын мойнуна алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сирия, Украина, экономика... Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы кандай болду