Кыздарды бычак менен коркуткан. Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөр Бостериде кафе-бар иштеткендерди сөгүп, ал жактын буюмдарын жана идиш-аягын сындырып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө ээнбаштык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 21-июль күнү Ысык-Көл РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.
"Ал курбусу менен Бостеридеги эс алуучу жайлардын биринде бар иштетерин айтып, эртең мененки саат 05:30 чамасында барга үч эркек келип сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутуп, ар кандай ичимдиктерди ичип, бардын буюмдарын жана идиш-аягын сындырып кетишкенин билдирген. Арыз ээси милициядан аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн", — деп айтылат маалыматта.
Арыз Ысык-Көл РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү жарандардын ким экендигин аныктап, колго түшүргөн. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган Бостери айылынын тургундары: 28 жаштагы А.Т., 27 жаштагы Ж.Р. жана 21 жаштагы А.К. болуп чыкты", — деп жазылат билдирмеде.
Баш коргоо чарасы каралганча шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
Араванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт