Британиялык адис: Путиндин Тегеранга сапары Батышка бир топ кыйынчылык жаратат

Аналитик Россия, Түркия жана Иран лидерлеринин жолугушуусу Батышка каршы жаңы альянстын башталышына чыйыр салышы мүмкүн деп божомолдоду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын президент Владимир Путиндин Тегеранга сапары Батыш үчүн кыйынчылык жаратары талашсыз. Бул тууралуу Англиядагы Кризистик изилдөө институтунун директору Марк Алмондго шилтеме берип Daily Mail жазды.
Адистин пикиринде, президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун Россия менен Ирандын эки тараптуу мамилелерин стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруу пландары тууралуу билдирүүсү Батыш лидерлери үчүн "эскертүү" болду.
"Бул жолугушууга түрк президенти Эрдогандын дагы катышуусу Батыш үчүн чындап эле олуттуу көйгөй жараларынын белгиси", — деди Алмонд.
Аналитик Россия, Түркия жана Иран лидерлеринин жолугушуусу Батышка каршы жаңы альянстын башталышына чыйыр салышы мүмкүн деп божомолдоду.
"Бул саммит Чыгыш Европадан Түштүк Кытай деңизине чейин созулуп жаткан Батышка каршы альянс түзүлүп калганын көрсөтөт. Ал Батыш үчүн мурдагы советтик блокко караганда дагы кооптуу болушу мүмкүн", — деди адис.
19-июлда Путин Тегеранга барып, Сирия боюнча үч тараптуу саммитке (Иран жана Түркия президенттери менен) катышкан. Мындан тышкары, Россия лидери алардын ар бири менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сирия, Украина, экономика... Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы кандай болду