БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Быйылкы окуу жылында мамлекеттик ЖОЖдорго 6000 бюджеттик орун берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 205 орунга көбүрөөк.
"Мурдагы окуу жылында бюджеттик негизде 5 795 студент окууга өткөн. Азыр орундар көбөйтүлүп, 6000ге жетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган абитуриенттер өтө алат.