Бишкекте Муслим Магомаевдин элесине арналган концерт өтөт

Концертте Игорь Воронцов мэриянын симфониялык чоң оркестри менен Магомаевдин репертуарындагы ырларды аткармакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбор калаада дүйнөлүк жана советтик музыканын чолпон жылдызы Муслим Магомаевдин 80 жылдыгына карата концерт өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Ал "Благодарю тебя" деп аталып, 10-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:30да башталат.
Музыка сүйүүчүлөрдүн бул майрамын Гуманитардык жана маданий демилгелер фонду уюштуруп жатат.
Концертте Игорь Воронцов мэриянын симфониялык чоң оркестри менен Магомаевдин репертуарындагы ырларды аткармакчы. Ага Кыргызстандын Эл артисти дирижёр Бакыт Тилегенов жетекчилик кылат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги менен радиосу иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү.
Билеттерди 16-августтан тарта 500 сомдон 1 000 сомго чейинки баада филармониянын кассасынан (телефону 61-40-15) жана https://ticket.kg/ сайтынан алса болот. Эгерде бронь же жеткирип берүү кызматын пайдалана тургандар болсо 27-99-33 номерлери менен байланышсын.
Улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси