Токаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун колдоду

Токаев Казакстан суу ресурстарын өз ара пайдалуу максатта колдонуу үчүн гидроэнергетикалык долбоорлорго өзгөчө маани берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун кубаттай турганын айтты.
"Казакстан чек аралаш аккан дарыялардагы суу ресурстарын өз ара пайдалуу максатта колдонуу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Мында Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору талкууланууда. Гидроэлектр станциялары Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жакшы шарттарды түзөт", — деди Токаев.
Ошондой эле ал Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында мамлекеттердин өз ара иштешүүсүн дагы да күчөтүүгө чакырды.
"Фонддун уюштуруу структураларын жана келишимдик-укуктук базаларын жакшыртуу боюнча регионалдык жумушчу топко кыргыз тараптын катышуусун оң баалайбыз. Ошондой эле фонддун алкагында кыргыз тарап менен толук кандуу кызматташтыкты жандандырууга үмүт артабыз", — деди Токаев.
Долбоор Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
Радио
Алиев: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун аяктоо мөөнөтү акчадан көз каранды