Бишкектеги көчөлөрдүн бири убактылуу жабылат. Карта

Мэрия айдоочуларга Дэн Сяопин көчөсү менен убактылуу жүрүп турууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекте Димитров көчөсү 23-июлдан 25-июлга чейин, тагыраагы, эки күн (Москва көчөсүнүн уландысы) жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган көчө Фучик паркына жакын жайгашкан. Анын Фучик көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки тилкеси оңдоло турганы айтылды.
Мэрия айдоочулардан келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, Дэн Сяопин көчөсү менен убактылуу жүрүп турууну сунуштаган.
Бишкекте үч маршрутканын багыты өзгөрдү. Карта