БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги Кыргызстандын төрт жеринен алтын казуу үчүн геологиялык чалгындоо иштерине лицензия алды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.
"Алар Андаш, Талды-Булак, Куттуу-Сай-2 жана Күрмөнтү кендерине уруксат алды. Дагы 12ге жакын табыштама жиберген, алар учурда каралып жатат. Жаратылыш ресурстарына доо кетире турган жерлерге туш келсе, аны четке кагып жатабыз", — деди Кутманова.
Ошондой эле ал холдинг Тоголок алтын кенин казууга уруксат сураганын белгиледи. Бирок кен мөңгүлөрдүн зонасында жайгашкандыктан министрлик лицензия берүүдөн баш тарткан.