Салык кызматы маалымат порталын ишке киргизди

Аталган порталда Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын канча суммада чогулткандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча www.stat.salyk.kg ачык, статистикалык маалымат порталын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган порталда Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын канча суммада чогулткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Жарандар актуалдуу маалыматтарды дал ушул сайттан таба алышат.
"Ошондой эле иштеп жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ири салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат да ачык жана жеткиликтүү. Портал аркылуу өлкөдө кассаны көзөмөлдөгөн канча машина орнотулгандыгын билүүгө болот. Андагы маалымат ар ай сайын жаңыланып турат", — деп билдирген.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жеке маалыматтардын сакталышына кепилдик берилерин кошумчалады.
Салык кызматы: 1-сентябрга чейин үй, транспорт жана жер салыгын төлөңүздөр!