Россия БУУдан "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды

"Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга түз чакырык" катары баалады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россия БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштен чуулуу "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Миротворец" долбоорунун кылмыштуу аракеттерине Украина бийлигинин көңүлүн бурдуруп жана аны жабууга кол кабыш кылышыңызды суранабыз", — деп айтылат кайрылууда.
Катта чоңдор гана эмес, балдар жана өспүрүмдөр дагы долбоордун курмандыгы болуп жатканы айтылды. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Россия бул маселе боюнча ЮНИСЕФтин мурдагы башчысы Генриетта Форго эки ирет, 2021-жылдын 18-октябрында жана 2022-жылдын 4-январында кайрылганын эске салды.
"Тилекке каршы, ЮНИСЕФтин аралашуусу формалдуу гана түрдө болуп, балдардын коопсуздугуна коркунуч туудурган бул кырдаалды өзгөрткөн жок окшойт", — деп айтылат текстте.
Фаина Савенкова аттуу окуучу кыз 2021-жылдын октябрында "Миротворец" долбоорунун "кара тизмесине" Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган адам катары киргизилген. Ал болгону БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө "Донбасстын балдары бактылуу балалыкка укугу бар" экенин айтып, видеокайрылуу жолдогон.
"Кара тизмеге" кирген соң окуучу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке жашы жете электердин жеке маалыматтары тез арада аталган сайттан өчүрүлүп, ресурстун өзүнө бөгөт коюлушуна таасир этүүсүн суранып кат жолдогон.
Сайт ушул сыяктуу жеке тараптар тууралуу, анын ичинде ДЭР жана ЛЭРде иштөөгө каттоодон өткөн журналисттердин тизмесин дагы жарыялап келет.
"Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга түз чакырык" катары баалады. Сайттын маалымат базасында Россиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары тууралуу маалыматтар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: АКШнын Украинага берген курал-жарактарын алуу боюнча орган түзүш керек