Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы августта канча пайызга көтөрүлөрү айтылды

Учурда 5 800 кызматкер айлыктын көбөйүшүн күтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 1-августтан тарта 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйында билдирди.
Аткаминердин билдиргенине караганда, айлыктын көбөйүшүн күтүп жаткан кызматкерлердин саны 5 800дөн ашат.
Буга чейин эмгек акыны жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелери айтылган.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык тармактарда айлык акы көтөрүлөрүн да билдирген.
Экономика министри: күйүүчү майды рубль менен алып жатабыз, баа ошондуктан өсүүдө