Каракалпакстандагы өзгөчө абал режими токтотулду

Башаламандыктан улам региондо 2-августка чейин өзгөчө абал режими жарыяланган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга киргизилген өзгөчө абал режимин мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, региондо коомдук тартип калыбына келтирилип, жарандардын коопсуздугу камсыздалган. Мындан улам Каракалпакстандагы өзгөчө абал режими 21-июлда саат 5:00дөн тарта алынат.

Каракалпакстандагы башаламандык

Июндун соңунда Өзбекстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган. Демилгеде Каракалпакстан референдумдун негизинде өлкөнүн курамынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Бул окуядан кийин Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө абал режими жарыяланган болчу. Өлкөдө кырдаал 3-июлга барып турукташкан.
Каракалпакстандагы башаламандык: Өзбекстан ТИМи Россияга ыраазычылык билдирди