74,6 тонна! Жарактан чыккан автоунаа номерлерин сатууга аукцион жарыяланды

Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 90 сом деп коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары сатыкка койду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Түстүү металлдардын салмагы 74,6 тоннаны түзөт. Аукцион 24-августта өтүп, бирдиктүү пакет менен сатылат. Бөлүштүрүү мүмкүн эмес.
Аукционго катышуу үчүн табыштамалар 15-август, саат 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсү, 2а дарегиндеги "Унаа" мекемесинде (№5 кабинет) кабыл алынат.
Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 90 сом деп коюлду. Сатуудан түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулат.
Толук маалыматты 0555 001015 телефон номери аркылуу жана ИИМдин сайтынан алса болот.
Былтыр да ушундай аукцион өтүп, 11,9 миллион сом түшкөнү белгиленди.
Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган