Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операция башталгандан бери 2,9 млн. украиналык Польша аркылуу кайтып келди

Чек арачылардын айтымында, соңку убакта Украинадан чыккандарга караганда киргендер көп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россия атайын операциясын баштагандан бери 3 миллионго чукул Украина жараны Польша аркылуу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу РИА Новости Польшанын Чек ара аскерлерине таянуу менен жазды.
Узаган суткада Польшадан Украинаны көздөй 23,7 миң адам өткөн, ал эми 24-февралдан бери 1 миллион 975 миң жаран кирген.
Чек арачылардын айтымында, соңку убакта Украинадан чыккандарга караганда киргендер көп болууда.
Атайын операция башталгандан бери Польшаны көздөй 4 миллион 873 миң адам агылган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Польша, Британия, АКШ Украинага жалданган аскерлерди көп жиберген