БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы окуу жылынан тарта Россиянын Билим берүү министрлигинин "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоору Бишкек жана Ош шаарларындагы 34 мектепти камтый баштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында маалымдалды.
"1-сентябрдан тарта өлкөнүн 20 окуу жайына дагы 14 жаңы мектеп кошулат. Россиядан келген 70тен ашык мугалим орус тили жана адабияты, математика, физика жана башка предметтер боюнча орус тилинде сабак беришет. Ошондой эле башталгыч класстарды окутушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, Кыргызстанда 2019-жылдан бери "Чет жердеги орус мугалими" гуманитардык долбоору өткөрүлүп келет. Майнаптуулугун далилдей алган долбоор суроо-талапка ээ. 2021-2022-окуу жылында ага Россиядан келген 30 мугалими катышып, алар Ош шаарындагы 20дан ашык мектепте сабак беришти. Жаңы окуу жылында бул долбоорго Бишкектин мектептери кошулат.
"Республикада россиялык адистердин кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы жогору бааланат. Иштин жыйынтыгы боюнча россиялык мугалимдер ыраазычылык каттары менен сыйланышты", — деп айтты министрликтен.
Келген мугалимдер россиялык билим берүүнүн заманбап тажрыйбаларын көрсөтүп, кыргызстандык кесиптештер менен уникалдуу ыкмаларды түзүшөт.
Мугалимдер сабактарды гана өткөрбөстөн, класстан тышкаркы иш-чараларды да уюштуруп, Россияда жашаган элдердин маданияты, каада-салты тууралуу айтып беришет. Ошондой эле алар окуучуларды орус тили жана адабияты предмети боюнча ар кандай олимпиадаларга, сынактарга катышууга даярдашат.