Эреже бузган айдоочулар "Коопсуз шаар" боюнча 2.5 млрд. сомдук айып төлөдү

2019-жылдан бери 3,2 миллион жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында эреже бузган айдоочулар 2019-жылдан бери 2,5 миллиард сом айып пул төлөдү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, долбоор ишке кирген 2019-жылдан бери 3,2 миллион жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
Иманов камералардын жардамы менен жол кырсыктары Бишкекте 25, Чүй облусунда 50,7 пайызга кыскарганын белгиледи.
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында жети дубанга, Бишкек, Ош шаарларына, облустук, райондук маанидеги 15 шаарга, 73 калктуу конушка камера коюларын кошумчалады.
Төрт айда айдоочулар кайсы эрежелерди көп бузган. Тизме