Калыстар "Манас айылы" комплекси боюнча 4 эскизди тандап алды

Мыкты эмгектер президенттин администрациясына жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Калыстар тобу "Манас айылы" комплексин реконструкциялоо боюнча төрт мыкты эскизди тандап алды. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Жалпы жонунан 14 эмгек түшкөн. Алардын бешөө шартты бузганы үчүн жокко чыгарылып, натыйжада төртөө гана тандап алынган.
Биринчи орунду алган автордук жамаатка 1,5 миллион сом берилет;
экинчи орунга — 1 миллион сом;
үчүнчү орундарга (эки байге) — 250 миң сомдон.
Бирок калыстардын пикири соңку чечим эмес. Жеңүүчүнү Президенттин иш башкармалыгы төрт эскиздин ичинен тандап алат. Биринчи орунду алгандарга мындан аркы долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө укук берилет.
"Бишкек башкы архитектурасынан" кошумчалагандай, жыйынтык 8-июлда эле чыгышы керек болчу. Бирок калыстар тобунун кээ бир мүчөлөрү аймактарга жана чет жакка чыгып кеткендиктен протоколго кол коюлбай кармалып калган.
"Манас айылын" жаңылоо сынагына 14 долбоор сунушталды. Эскиздердин видеосу