Кардиолог кучакташуунун пайдасын айтты

Кучакташуу учурунда бакыт гормону болгон окситоцин менен эндорфин бөлүнүп чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жүрөк-кан тамыр боюнча хирург Владимир Хорошев кучакташуу ден соолукка канчалык пайдалуу экенин айтты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жарыялады.
Дарыгер белгилегендей, кучакташуу учурунда бакыт гормону деген окситоцин менен эндорфин бөлүнүп чыгат. Жыйынтыгында кучакташкан адамга болгон ишеним артат. Мындан тышкары, кучакташкан учурда көп тынчсызданбай, канааттануу сезими пайда болот.
"Серотонин, дофамин гормондору да бөлүнүп чыгып, кан ткань, органдарга жакшы жете баштайт. Ошондой эле организмде кычкылтек көбөйүп, минерал, витаминдер менен азыктанат", — деди кардиолог.
Адистин пикиринде, организм шлактардан арылган учурда түрдүү ооруга, анын ичинде жүрөк ооруларына кабылуу тобокелчилиги да азаят.
Ден соолук мыкты болуш үчүн төрт эрежени сактоо зарыл. Адистин маеги