Тамеки тартпагыла! Кардарлары үчүн Бишкектеги кафе ээлерине айып салынууда

Рейддин жыйынтыгында эрежелерди эске албай, аны бузгандыгы үчүн үч эс алуу жайына 39 миң сом айып салынып, протокол түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзамдын аткарылышы боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Рейд учурунда кафелердин, эс алуучу жерлердин администрациясына, ал жерде отургандарга коомдук жайда чылым чегүүгө болбой турганы айтылып, мыйзамды бузган учурда кандай чаралар көрүлөрү түшүндүрүлүп жатканы айтылды.
"Рейддин жыйынтыгында эрежелерди эске албай, бузгандыгы үчүн үч эс алуу жайына 39 миң сом айып салынып, протокол түзүлгөн", — деп айтылат билдирмеде.
Жыл башынан бери аталган райондо Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик борбору тарабынан 247 миң сомго, милиция тарабынан 243 миң сомго протокол түзүлгөнү кошумчаланды.
Тамеки чеккен таятанын жээн неберелерге тийгизген кесепети. Изилдөө