Уйку канбай жүрө бергендик олуттуу ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Адис эскертти

Окумуштуулардын айтымында, организм эгерде уйку канбаса илдетке кабылып, алардын ана башында Альцгеймер менен Паркинсон турушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Окумуштуулар уйку канбаганда кесепети кандай болорун санап беришкендигин Trends in Neurosciences журналы жазды.
Мындай учурда кишинин эс-тутуму начарлап, кыраакылыгы, байкагычтыгы жоголуп баштайт. Бул уйку кангандан кийин деле бир канча убакытка уланышы мүмкүн. Эгерде адам бир аз чарчай түшсө эле жогоруда саналган нерселердин кайрадан "баш көтөрөрүн" эскертишти.
"Жетиштүү түрдө уктабаган адамга ал байкалбай, сергек жүргөндөй сезилиши мүмкүн. Бирок андай эмес. Кишинин мындай абалы нейродегенеративдик илдеттерди — Альцгеймер менен Паркинсонду чакырат. Жеткиликтүү эс албагандык эркектерде тестостеронду азайтып жиберет. Ал эми алты сааттан аз уктагандардын 30 пайызы салмак кошууга жакын болот", — деп айтылган макалада.
Кардиолог: депрессия өлүмгө чейин алып барат