Милиция: Кочкордо аялына бычак сайган киши өз жанын кыйды

Жаракат алган аял оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кочкордо аялына бычак сайган киши өзүнүн жанын кыйды деген маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, 17-июль күнү саат 06:00 чамасында 33 жаштагы Ш.Ж. аттуу аял 43 жаштагы Э.Р. аттуу жолдошу менен уруша кеткен. Натыйжада эркек киши аялына бычак сайган.
"Жаракат алган аял Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми шектүүнү издөө учурунда анын сөөгү табылган. Милициянын айтымына караганда, асынып алган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүлгөндө күч колдонулган белгилер табылган эмес.
Милиция факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталгандыгын кошумчалады.
16 жолу бычак сайган. Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылды деп күйөөсү кармалды