Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Германияда "Түндүк агымдын" оор кесепетин күтүп жатышат

Учурда "Түндүк агым" россиялык газды жеткирип турган бирден-бир жол болуп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Эгерде газ кууру тартылган "Түндүк агым" пландык оңдоп-түзөөдөн соң кайра иштебесе, Германия олуттуу көйгөйлөргө тушугат. Бул тууралуу РИА Новости Forbes берген материалга таянып маалымат таратты.
"Жакынкы аралыкта "Түндүк агым" ачылбаса, Германиянын экономикасы менен калкына кесепети бир топ эле тиет", — деп айтылган басылмада.
Негизи кыйынчылык электр кубатын көп пайдалангандыктан улам өнөр жай секторуна түшөт. Көйгөйдүн баары бул жерден башталат — жумушчу орундар кыскарат, продукция өндүрүү азаят. Өнөр жай товарларынын таңкыстыгы жаралып, продукция ташып, жеткирип иштеп келген чынжырча (система) жабыркайт. Энергия менен товарлардын кымбаттоосу инфляцияны жогорулатып, дүйнөлүк экономикага да таасирин берет.
Учурда "Түндүк агым" техникалык тейлөө иштеринен улам толугу менен токтоп турат, маалыматта анын 21-июлда аяктаары айтылган. Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Австрия жана Германия да жогоруда айтылган иштер бүткөндөн кийин газдын келиши азайып же такыр эле токтотушу мүмкүн деген сактанууларын айтышууда.
Учурда "Түндүк агым" россиялык газды жеткирип турган бирден-бир жол болуп турат. Мындан мурдараак Германияда магистралдын токтоп калышы Европадагы көгүлтүр оттун каатчылыгын ого бетер тереңдетет деген тынчсыздануусун билдирген.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясынан кийин Батыш Москвага карата санкцияларды көбөйттү. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей, эсептерди жаап коюшканын жар салды, бир катарлары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө эле зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Германия: Европанын газ рыногунун кооптуу келечеги туурасында эскертүү айтылды