Чиркей үйдү тоногон ууруну табууга жардамчы болгон. Кытайдагы окуя

Кылмышкер батирдин эшигин сындырып кирип, жаккан оокаттарды алып, түнөп, эртең менен кетип калган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дубалга жабышып калган чиркей Кытайда кылмышкерди табууга жардамчы болгон. Бул тууралуу Global Times жазган.
Полиция тонолгон батирди карап жатып, кылмышкер шашпай тамак ичип, түнөп жана эртең менен нанүштө жеп, жаккан буюмдарды көтөрүп кеткенин иликтеп чыккан. Офицер дубалдан чиркейди чапканда калган кандын тактарын байкаган.
Тартип сакчы ал жердеги канды алып ДНК анализине жөнөткөн. Жыйынтыгында, ал жергиликтүү Чай аттуу, мурда кылмышка аралашып жүргөн кишиге таандык экени аныкталган. Тоноо болгондон 19 күндөн кийин шектүүнү кармашканда дагы ошондой үч уурулук жасаганын мойнуна алган.
Бишкекте батирлерди тоноого шектелип казакстандыктар кармалды. Видео