16 жолу бычак сайган. Бишкекте аялын өлтүрүүгө аракет кылды деп күйөөсү кармалды

Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте аялына бычак уруп өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июлда, Улуттук хирургия борборунан 38 жаштагы М. Г. аттуу аял бычак жеп ооруканага түштү деген маалымат милицияга түшкөн.
Кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Х. К. аттуу кишини кармаган. Ал жабырлануучу аялдын жолдошу экени, бирок бир жылдан бери чогуу жашабай калганы аныкталган.
"Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуулчулар кармалган кишини Свердлов райондук милициянын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.
Нарындагы ок атуу боюнча иш козголуп, бир нече адам камакка алынды. Чоо-жайы